Бүгүн, 22-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында 9 медалдар топтому жана хоккейдин кыз-келиндер арасындагы финалы орун алмакчы.
Сноуборддун биг-эйре түрү боюнча кыз-келиндер арасында өткөн мелдеш жыйынтыкталды, жарыштын алтын байгесин австриялык Анна Гассер камсыздады.
Мындан сырткары, фристайлдын хафпайп түрүнөн, мекендешибиз Евгений Тимофеев катышып жаткан тоо лыжанын слалом түрүнөн кыз-келиндер жана мырзалар ортосундагы мелдештер, хоккейдин кыз-келиндер арасындагы Канада жана АКШ курамасынын алтын байге үчүн болгон беттеши, тоо лыжасынын комбинациялык кыз-келиндер арасындагы жарышы, командалык лыжа жарышы, биатлон жарышы, кыз-келиндердин арасында 4х6 чакырымдагы мелдеш жана шорт-трек боюнча 3 медалдап топтому ойнотулат.
Ал эми медалдык жарышка токтоло турган болсок, Норвегия 13 алтын, 11 күмүш жана 9 коло медаль менен сап башында, Германия капчыгындагы 12 алтын, 7 күмүш жана 5 коло байгеси менен 2-орунда. Канада 9 алтын, 5 күмүш жана 7 коло медалы менен 3-орунга жайгашты.