Кышкы Олимпиада оюндары: АКШ курама командасынын коньки менен чуркоо боюнча спортчуларынын формалары интернетте кызуу талкуу жаратты

Кышкы Олимпиада оюндарында коньки менен чуркоо боюнча АКШнын спортчуларынын формасын интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышкан. Алар спорттук форманын эки буттун ортосундагы өңү башка түстө экендигине нааразы болушкан.

"Спортчулардын формасы эмне себептен мындай тигилип калгандыгынын түшүндүрмөсү бар болсо керек. Бирок башка өңдөгү кездемени эки буттун ортосуна келчү жакка жайгаштыруу жакшы эмес", - деген оюн актриса Кристина Стивенс социалдык тармактагы баракчасына жазган. Ал эми көпчүлүк интернет колдонуучулар бул формалардын дизайнын ким ойлоп чыкса да, өтө тамашакөй адам экен деген ойлорун билдирип, бирок аны кабыл алган АКШнын олимпиада комитетин бул жорук үчүн таратуу керек экендигин айтышкан.

Ал эми формаларды чыгарган "Under Armour" ишканасы буттардын ортосуна жайгашкан кездеме спортчулардын чуркоосун жакшыртуу жана эч кандай ыңгайсыздыкты жаратпоо үчүн колдонулган жогорку сапаттагы кездеме экендигин баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-02-22 12:26:49
Бардык жерин эле бирдей ынгайлуу кездемеден же бир тустуу кылып тиксе болбобу же АКШда дагы акча жетишсизби!?
-3
Zamka79
2018-02-22 12:54:21
RusMos76,акча жетиштуу эле... Акыл жетиштуу эмес
-5
Pandora
2018-02-22 12:31:04
)))
-5
zzz---zzz
2018-02-22 19:38:28
Кавказские пленница деген кинодогу Нинанын тагасынын шымынын көчүрмөсү.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан