Ош облусунун Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 19-февралда саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Папан айылында болгон. Анда 11-класстын окуучусу мал сарайга барып асынып алган жеринен табылган.
"Анын жанынан эч кандай кат же билдирүүлөр табылган эмес. Учурда окуучунун эмне себептен асынып алганы иликтенип жатат. Анын үй-бүлөсү жетиштүү турмушта эле жашаган адамдар болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.