Баткенде Тажикстандын 4 жараны аткезчилик жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-февраль күнү Тажикстандын 4 жараны Баткен районунун Ак-Сай айылында тажик мамлекеттик номуру тагылган унаадан Кыргыз жаранына таандык унаага жүк жүктөп жаткан жеринен кармалышкан. Унаанын ичинде кургатылган мөмө-жемиштер болгон.
"Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган 4 жаран Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Ал эми бир Кыргыз жараны жана 5 тонна жүк Бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти чек ара кызматынан.