Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында мекендешибиз Евгений Тимофеев слалом боюнча жарыштын биринчи бөлүгүндө 1 мүнөт 01,56 секундда келип, 49-сапта жайгашып, экинчи баскычка өткөн. Экинчи баскычта 1 мүнөт 02,37 секундда келип, жалпы көрсөткүчү 2 мүнөт 03,93 секунд менен 40-орунга жайгашты.
Мелдештин алтын байгесин 1 мүнөт 38.99 секунд көрсөткүчү менен швециялык Андре Мюрер жеңди. Күмүш медалды швейцариялык Рамон Ценхойзерн тагынса, колого австриялык Микаэль Матт татыктуу болду.
Белгилей кетсек, буга чейин тоо лыжа спортунун гигант слалом түрү боюнча мелдештин экинчи баскычында 75 спортчунун жарышы жарактуу деп табылып, Тимофеев 1 мүнөт 20 секунд менен 63-орунга илинген.