Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө 3 маршруттук такси сүзүшүп, 7 адам жабыркады

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө 3 маршруттук такси сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган көчөдө жайгашкан көпүрөнүн алдында №100, №145 жана №130-маршруттук таксилер сүзүшкөн.

"Жол кырсыгы көпүрөнүн алдында болгон. Анда 3 маршруттук такси тең Бөкөнбаев көчөсү тарапка бара жаткан. Учурда жол кырсыгы эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык ортодогу аралыкты сактабагандан улам жаралган", - деп билдирди аталган башкармалыктын басма сөз кызматы.

Ошондой эле кырсыктан жалпы 7 адам жабыр тарткандыгын, алардын ичинен 4 адам 4-шаардык ооруканага жиберилсе, 3 бала №3-балдар ооруканасына жеткирилгендигин айтып, жабыр тарткандар жеңил жаракаттарды алышкандыгын жана учурда абалдары жакшы экендигин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2018-02-22 12:55:35
Дагын саткыла праваны!Орусиядан иштеп барып эле права сатып алышып айдап журушот!
+3
Dalil
2018-02-22 13:12:47
Негизи айдоочуларда сабыр жок. Жол эрежесин билген да билбеген да катуу жүргөндөр ошондой эле аралыкты сактабай айдагандар көп. Маршруттук таксилерди азайтып автобус тролейбустарды көбөйтүү керек. Бири-бирине клиентин алдырып жибербөө үчүн жарыша айдашат. Көп маршруттук таксилердин айдоочулары жүргүнчүлөрдүү сыйлоо деген жок
+3
aerforce
2018-02-22 13:23:32
маршрутканы жакшы чоон автобустарга алмаштырыш керек ошондо тыгында азаймак жол кырсыгыда болмок эмес
+2
Elnura1997
2018-02-22 13:58:40
Жок дегенде кунуно бир жолу конул кубанаарлык жанылык окуйлучу урматтуу супер инфо сураныч сиздерден
-1
Daak9091
2018-02-22 14:12:49
Булар жарышты бири бирине атандашып анткени үчөтен гойнга барышмак жолдон элдерди кимси биринчи алыш керек да
+3
Gulperi99999
2018-02-22 22:28:49
Маршруткаларлы жок кылса тээ жаны жаны конуштарга кайсы автобусс,тралейбусстар барат?Кыргызстандын жолдору да жакшы эмес,эгерде маршрутту жойсо таксилерди арзан баада ташыгыла деш керек
0
Aiman0303
2018-02-23 00:58:01
Маршруткаларды жок кылыш кыйын. Болгону тартипти кучотуш керек. Ар бир жол эрежесин бузганга аябастан эле чон айыпка жыгыш керек, экинчисинде правасын алты айга алып койуш керек. Бизде тартипти урупда ойнобойт, жол эрежесин бузгандан коркушпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан