Перуда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жол кырсыгына учурап, 44 адам каза болду

Перуда жүргүнчүлөрдү ташыган эки кабаттуу автобус жол кырсыгына учурап, 44 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-февралда эртең менен тоо боорунан өткөн Панамерикана-Сур деп аталган жолдо болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада автобус жүргүнчүлөрү менен кошо 150 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Ошондой эле аталган маалыматта каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Refiri87
2018-02-22 14:07:21
Озу эн коопту жолдор ошол жакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан