Молдованын Кишинёв шаарында 31 жаштагы модель Анастасия Чекатини күйөөсү Алексей Митаки өлтүрүп, андан соң өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, полиция кызматкерлери моделдин жансыз денесин ал өзү жашаган батирдин ичинен таап, анын моюнунан мууздалганын аныкташкан. Аны өзүнүн жолдошу өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салгандыгы айтылган. Ошондой эле бөлмөдөн төрөлгөнүнө 2 гана жума болгон наристе табылган. Моделдин жолдошу өз жанын кыйганга чейин туугандарына чалып, ымыркайга кам көрүүнү табыштаган. Жубайлардын жакындарынын билдиргенине таянсак, экөөнүн мамилеси начар болгон. Ал гана эмес Митакинин башка аялы бар болгондугун да айтышкан.
Молдовада Anastasia Cia деген каймана ысым менен белгилүү болгон модель 16 жашынан тарта эл алдына чыгып, Playboy, Maxim жана GQ журналдарына тартылган.