Евгений Тимофеев бүгүнкү лыжанын слалом жарышында Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында өлкө тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бирине ээ болду.
Тактап айтканда, өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери Кышкы Олимпиада оюндарына 7 ирет катышкан: 1994, 1998, 2006 жана 2014-жылдары бирден спортчулар барса, 2002, 2010 жана 2018-жылдары экиден спортчу барды. Тарыхтагы эң мыкты көрсөткүч катары 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында өткөн Олимпиадада биатлончу Александр Тропников ээлеген 36-орун. Экинчиде 2002-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында орун алган Олимпиадада трамплинден секирүү боюнча Дмитрий Чвыков багынткан 39-орун. Ал эми Евгений Тимофеев көп убакыттан бери үчүнчү орунду тоо лыжачы Иван Борисов менен бөлүшүп келген. Борисов 2006-жылы италиянын Турин шаарында өткөн Олимпиадада ээлеген 41-оруну, Тимофеев болсо 2014-жылы Сочи шаарында өткөн Олимпиададагы 41-оруну менен келе жаткан болчу. Эми Тимофеев Пйоңчаңда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында ээлеген 40-оруну менен өлкөдөгү спортчулардын ичинен 3-сапка жайгашты.
Белгилей кетсек, Евгений Тимофеев 1994-жылы 16-октябрда борбор калаада жарык дүйнөгө келген.