Ошто Сириядагы согушка катышып келген 22 жаштагы жаран 5 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаарында Сириядагы согушка катышып келген 22 жаштагы жаран 5 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева жогорудагы маалыматты SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтуусуна караганда 22 жаштагы И.Эргашев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Ал 2017-жылдын ноябрь айында кармалып, 375-берене (куралдуу кагышка же согуш аракеттерине катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ал 2014-жылы сентябрда Орусиянын Москва шаары аркылуу Сирияга өтүп, ал жакта "Жавхат-ан-Нусра" аттуу террористтик топтун катарында согушкан. 2017-жылдын 17-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке учуп келгенде аэропорттон кармалган. Болгон окуяны айтып берип, жасаган ишин моюнуна алган. Анын негизинде кылмыш иши козголгон. Кийин ал Ош облустук соту тарабынан 5 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылган", - дейт басма сөз катчы.

Ал эми УКМКнын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышуу үчүн 500дөн ашуун Кыргыз жараны кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aerforce
2018-02-22 16:15:25
эми түрмөдө үгүттөбөсө эле жан кечтилерди
+1
falkao
2018-02-22 16:22:24
Кайра эле ошол жакка айдап ийишсе болмок. Ошол жакта тирлигинди кыл деп. Турмого салганда да багыш керек да бул ХХХХ
+1
MUHLISA
2018-02-22 18:14:28
falkao,+
0
lenin1870
2018-02-22 17:13:46
Ушул 500кыргыз жаранынын арасынан 400у туугандар болсо керек кармалганда Эргашов деп туратко ал да оштук туушкандар.
-1
zhaku2017
2018-02-22 18:26:51
Кооз идеяларды айтып коюшса эле сокур болуп кете беришет. Тушунгу томон адамдар ушинтип эле азгырыла беришет, бейишке чыгабыз деп.
+1
Altyn10076
2018-02-22 19:08:26
Бейишкеби же пулга азгырылып кетсе керек эртерек баюнун жолун издеп.
0
didu
2018-02-22 20:20:46
алжакта канча бейкуноо Элди олтурду бул Эргашов. Буларды Бекер багат эми мамлекет
0
century
2018-02-23 00:22:22
Азырак берсе болот 5 жыл ким багат аны, Элдин мээнетин жедирбей же куноосу далилденсе атып салыш керек, кимге керек мындайлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан