ИИМ: "Адам өлтүрүүгө шектелип, 4 жылдан бери издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды"

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда 2014-жылы акча алмаштыруучу жайдын кызматкерин өлтүргөн деп шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү 2014-жылдан бери акча алмаштыруучу жайдын кызматкеринин өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн 2 адам кармалган. Шектүүлөрдүн бири 41 жаштагы Талас облусунун тургуну болсо, экинчиси 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну.

"2014-жылы 41 жаштагы Талас облусунун жараны жанына адамдарды топтоп, 7-кичи райондогу акча алмаштыруучу жайдын кызматкерин тоноо үчүн аңдып жүрүп өлтүрүшкөн. Алар акча алмаштыруучу жайдын кызматкери 1992-жылы туулган И.Темирбердиевди Көк-Жар конушундагы үйүндө күтүп турушуп, ок чыгарышкан. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырышып, жабырлануучу ооруканадан каза болгон", - деп айтылат аталган маалыматта.

Андан сырткары, басма сөз кызматынан кармалган шектүүлөрдүн шериктери изделип жатканын да кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан