Допинг колдонду делген орусиялык кёрлингчи олимпиадалык медалынан кол жууду

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында допингге каршы текшерүү учурунда орусиялык кёрлингчи Александр Крушельницкийден тыюу салынган мельдоний чыккандыктан, Спорттук арбитраждык сот (САS) спортчуну коло медалынан ажыратты.

Крушельницкий кёрлингдин дабл-микст түрүнөн өнөктөшү Анастасия Брызгалова менен коло медалды жеңген болчу. Эми алардын байгеси үчүнчү орунга болгон беттеште жеңилип калган норвегиялык спортчуларга өтөт.

Допинг-тест тыюу салынган каражат анын организминде бар деп көрсөткөндөн кийин ал мельдоний анын организминде кандайча болуп калгандыгы тууралуу өз божомолун айтууга аракет кылган. Бирок шаршемби күнү кечинде орусиялык атлеттердин делегациясы спортчунун САS`тын отурумуна катышуудан баш тартканын билдиришкен.

“Мен допингге каршы эрежелер формалдуу түрдө гана бузулган деп эсептейм. Текшерүүлөр Олимпиада учурунда болду, бардык тийиштүү чечимдерге даярмын. Буга чейин январда текшергенде таза деп чыккан. 22-январдан кийин кайсы күнү болбосун кимдир бирөө берип коюшу мүмкүн, себеби бир жолу колдонду деп чыгып жатат. Машыгууларда мен жөнөкөй эле суу ичем, ал жакта кошуп берип коюусу күмөн”, - деп билдирген Крушельницкий.

Учурда Орусиянын кёрлинг федерациясынын башчысы Дмитрий Свищёв ишенерлик жүйөлөрдү издеп жатканын, эгер Спорттук арбитраждык сотту ынандырарлык жооп тапса, медалды кайра кайтарып алышарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-02-22 17:40:55
Брызгаловага эле жаман болду, жалко!
+5
Tunerbei1812
2018-02-22 17:51:22
Спортту дагы саясатташтырып кызыгын кетирип бутушту. Американын эле орустарга каршы саясаты болуп жатат.
+8
MUHLISA
2018-02-22 18:09:45
Булардан ар дайым эле доппинг чыгып келетго .....!
-5
33SUUN
2018-02-22 20:19:56
Подстава болгонго менин оюм боюнча.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан