Америкалык актриса Жулия Робертс ашыкча салмактан арылуу максатында диета кармай баштады. Аны менен бирге жолдошу, кинооператор Дэниэл Модер да диета кармоодо.
50 жаштагы Жулия Робертс "Бен кайтып келди" тасмасында башкы ролду ойногон. Тартылуу иштери аяктагандан кийин эркти топтоп, диета кармай баштаган. Анын тамактануу рационун жалаң жашылча-жемиштер жана жаңгак түзөт. Ал эми сүт, эт азыктарын, ундан жасалган тамак-аштарды тизмеден чийип салган.
Тамактануу эрежелерин бузбоо үчүн актриса жолдошунун дагы диета кармоосун талап кылган. Ал эми Дэниэл Модер дайыма бир калыпта жүргөндүктөн ага диета кармоонун кажети жок. Бирок Жулия ашканада туура тамактануу нормаларын сактап, кыска убакыт аралыгында салмак таштоо үчүн күйөөсүн дагы мажбурлоодо.
Өз кезегинде Дэниэл жубайы толук эмес экендигин, диета кармоого эч кандай негиз жок экенин айткан. Бирок актриса айтканынан кайтпай, койгон максатына жетүүгө аракет кылып жатат.