Ош облусунун Кара-Суу районунда айдоочу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 21-февраль күнү саат 23:30 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун 12-чакырымындагы Мады айылынан унаа бир адамды сүзүп кеткен. Сүзүп алган адам унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болду. Жергиликтүү айыл тургундары жаракат алган адамды ооруканага алып барышкан, жабырлануучу алган оор жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду.
Каза болгон жаран Кара-Суу районунун Кабылан-Көл айылынын 1979-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну экени аныкталган.
Учурда качып кеткен айдоочуну издөө иштери уланууда.