"Түбөлүк сүйүү" түрк сериалын Өзбекстанда көрсөтүүгө тыюу салынды

Дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, миллиондогон күйөрмандарды топтой алган түрктөрдүн "Түбөлүк сүйүү" сериалы Өзбекстанда көрсөтүлбөй турган болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

2017-жылдан тарта өзбек тилине которулуп, "ZO'RTV" телеканалында көрсөтүлүп жаткан сериалдын токтотулушун айрымдар талап кылган. "Мусулмандар" сайтында "көрүп жаткандар көз менен күнөө кылууда" деген макаласын жарыялашкан. Ошондой эле өзбек тилинде үн коштогондор да күнөө кылышты деп билдиришкен.

"Далилсиз себептерден улам "Түбөлүк сүйүү" сериалын көрсөтүүнү токтотууга "жогору" жактагылар буйрук кылган", - дешкен телеканалдын өкүлдөрү.

"Бизге "жогору" жактан буйрук келди. Ошондуктан чет элдик сериалды экрандан алып салууга туура келди. Мындан ары эмне болору белгисиз. Балким, бул буйрук күчүндө калат, балким, уруксат берилет. Азырынча "Түбөлүк сүйүүнүн" уландысы болот деп так жооп бере албайбыз", - дешкен алар.

Кошумчалай кетсек, "Түбөлүк сүйүү" сериалынын 1-сезону 2015-жылы, 2-сезону 2017-жылдан тарта күйөрмандарына тартуулана баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
daring_girl
2018-02-22 20:29:34
озбектердин которгон кинолорун корсон...уй булон менен корсон да уялбайсын да....
бир озбек досум айтты эле...бизде уят жерлерин кыркып салат...обот турган жери да жок...ошол жерлеринде бала келип кайра кетип калат...[moderated]дан оригиналын корсок ии мына жеринде бала кыздын бетин обот турбайбы деп тан калганбыз деген.....)))
+11
Soni130587
2018-02-22 23:12:54
daring_girl, эн туура айтыптыр досунуз ошто Озбекистандын каналдары антенаны очуруп койсон да тартат автопоиск кылсан чыга берет мен коп байкадым коргон кинолорумду уятуу жерлери алып поёт биздечи Баластанда мултиктерде обушкон жерлери ачык корсотулот.
+2
zhaku2017
2018-02-22 20:29:54
Динге шылтап ашынган динчилдердин созун угуп отура беришсе эмне болот билбейм. Дин мамлекеттин жана адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпеш керек. Адамдарга динди танылоо аркылуу жакшы болуп кетет дегендин озу абсурд.
-3
Adiletia
2018-02-22 21:04:27
Туура асылбайын, бирок Чубак ажы өткөндө валентинге каршы чыгыш керек эле ноорузду коюп ошондо эң туура болмок. Баарыбызга ыйман берсин
0
Tolkun555
2018-02-22 21:20:42
Adiletia,Чубак ажыга коп асыла бербегиле.кийин аттин кылып каласын.убагында пайгамбарыбыз (с.а.в)да озунун туугандары каршы чыккан.алар адашкандардан болуп калышты.аалымдар пайгамбардын мураскорлору.
+7
nuri1
2018-02-22 21:20:53
Adiletia,
Чубака соз жок. Кыргыздын тарыхын, маданиятын, салтын сыйлабаган адам экен. Молдо болсон дагы озундун тарыхынды маданиятты, башка адамдардын жеке жашоосун сыйлаш керек. Динди башкаларга тануулап, оз билгенин кыла бербей. Элдин баары эле Чубака окшоп фанат эмес да.
-7
rustin13
2018-02-22 21:51:07
nuri1,Алла ыйман берсин сизге!
+5
muhsina
2018-02-23 04:45:34
nuri1, Аалымдардын атын антип атоого болбойт, ажы деген сөздү кошо жазыңыз. Катуу тийсе кечиресиз.
-2
Zara86
2018-02-22 21:54:20
zhaku2017, мен да Чубак ажыны колдойм. Нооруз мусулмандардын майрамы эмес.
+1
asha302
2018-02-24 15:27:13
Zara86,тура мусулмандардыкы эмес. Бирок турк элдериники анын ичинде кыргыздардын дагы.
0
Farm94
2018-02-22 21:01:44
Адамдын дээринен бузулуп бузулбашы.интернеттен коро беришет канчалык тыюуу салсада
+5
juka82
2018-02-22 21:11:30
туболук суйуу эмес севги изтироби деп берилет зор твда
-6
juka82
2018-02-22 21:19:24
турк тилинде да кара севда деп эле айтылат
0
mentol
2018-02-22 21:19:45
juka82,Рас болуптур! Эми ошонуда жазсынбы? Биз туболук суйуу деп которгонбуз и все!
+7
juka82
2018-02-22 21:22:21
mentol,туура жазса.а сага не болду?нервничать этип
-2
Azatbek83
2018-02-22 21:16:09
[moderated]дан коро беришсин!
+1
moskoy
2018-02-22 21:49:08
орусчасы андай айтылат
-1
mir_said87
2018-02-22 22:12:07
moskoy,чёрная любовь
+1
moskoy
2018-02-22 22:52:38
mir_said87,рахмат чон
0
NeRiNa
2018-02-22 21:54:49
Ошоо неге болбой калды деп утуру каналга кое берип чарчадым эле((
-2
Djumahmatov
2018-02-22 22:40:17
Тажатышты ушу кемал семалдары менен инстаграм дагы кемал ватсап дагы кемал роликтердин баары кемал тойгозушту рас болуптур негизи эле жок кылыш керек дуйно жузунон
+5
Mikra
2018-02-22 22:49:33
Мен эч турк озбек сериялдарын корбойм биздин озубуздун кунумдук жашообуз турк сериялдарынан ашат.эгер кино тартса.мен Просто марияны коргом сериялга убакыт кетирбей андан коро Улуу жазучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын киносун же китебин окуп корсон.кругазорун осотго дейм.
+7
Mirlan27011987
2018-02-22 23:21:00
Mikra,
Туура. Билим гана жашоодогу сокур фанатизден сактап кала алат.
+1
Zhiidegul_Abdinazarova
2018-02-23 18:06:11
Mikra, Чынгыз Айтматовдун да копчулук чыгармалары биздин каада-салтыбызга туура келе бербейт
+1
Djal1987
2018-02-23 03:24:54
Турк киносу эч жакшы тарбия бербейт. Бири бирин коркуткан олтургон, бири биринен кыйын,разборка приказ беруу калп суйлогон эки создун бирине оо АЛЛАХ дей беришет. Акчаларына чиренгендер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан