Жасалма паспорт менен чет өлкөлүк жарандар колго түшүрүлүп, аларга жасалма паспорт жасап жүргөн Кыргыз жарандары да аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Суу районундагы "Оомат" соода базарында Кытай Эл Республикасынын уйгур улутундагы жаранын текшерген учурда ал Кыргыз Республикасынын жараны Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Ф.Раджапов экендигин айтып, жарандык паспортун көрсөткөн. Ал жарандын үстүнөн кылдат текшерүү жүргүзүлүп, Кытай Эл Республикасында 1973-жылы туулган А.А. экендиги белгилүү болгон. Ушундай эле ыкма менен дагы бир кытайлык жаранды текшергенде ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 1977-жылы туулган М.Рахманов экендигин айтып, паспортун көрсөткөн. Ал адам да чынында Кытай Эл Республикасынын уйгур улутундагы жараны М.Т. экени аныкталган.
4 айга жакын иликтөө иштеринин негизинде жалпысынан 4 чет өлкөлүк жана 1 Кыргыз жаранына мыйзамсыз паспорт жасалгандыгы аныкталган. Бул иш боюнча 350-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, жасалма паспортторду мыйзамсыз жасагандыктары үчүн Ноокат районунун Жаңы-Базар айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн адиси 1961-жылы туулган К.М. жана Өзгөн шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган А.Н. аттуу аялга кылмыш иши козголуп, сурак беришүүдө.
Учурда мыйзамсыз паспорт менен кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мыйзамсыз паспорт алган мындан башка да адамдар болушу мүмкүн экени айтылып, иликтөө иштери уланууда.