"Тамашоучу", актёр жана алпаруучу Самат Эркинбеков экинчи чыгармасын жаздырып, клип тарттырууда. Ал Кубик Калыковдун "Той-той" деген ырын аранжировкалап, тамашалуу форматта ырдап чыгат экен. Мындан улам "тамашоучу" мындан ары ырчылык кесипти аркалайбы деген суроо кызыктырып, өзү менен байланышка чыктык.
"Мындан 3-4 жыл мурда Кубик Калыков менен гастролго барган элек. Ошондо байкеден ушул чыгармаңыз жагат, ырдап чыгайын десем, "сага жарашат, ырдай бер" деген эле. Убакыт-сааты эми келген окшойт сөздөрүнө, обонуна бир аз өзгөртүүлөрдү киргиздим. Ырдын жаңы вариантын Кубик Калыковго көрсөтсөм "жакшы болуптур, жакты" деди. Клипке ар бир улуттун кыздарын тартуу оор болду. Анткени ырдын текстинде "Кара кыздын агынан эмес багынан" деген сабы бар. Ага ылайыктуу кара кызды атайын чет өлкөгө барып тартып келдик. Ал эми ырчы болуп кетейин деген ниетим жок. Шоу-бизнестин өкүлү болгондуктан чыгармачылыгыма жаңылык киргизейин дедим. Мындан ары деле тамашалуу ырларды жарата алсам ырдай берем", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Самат Эркинбеков "Жетемин баарына" деген чыгармасын күйөрмандарына тартуулап, жакшы кабыл алынган.