Шоу-бизнестин ишкер келиндери

Кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчы, "тамашоучу" мырзаларыбыздын колун бекем кармаган жубайлары чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Бирок көпчүлүгүбүзгө белгилүүлөрдүн өмүрлүк жары эмне менен алектенери, кайсы кесиптин ээси экени, дегеле баскан-турганы кызык. Эмесе, жеке ишкерлик менен алектенген шоу-бизнестин келиндери менен таанышып алыңыздар.

Сүйүү Шейшекеева, Lashmaker. Ырчы Ильяз Андаштын жубайы, 1 кыздын апасы

"Өзүм медициналык колледжди аяктагам. Диплом алгандан кийин билимимди улантып, косметолог болоюн дегем. Бирок кош бойлуу болуп, үйдө отуруп калдым. Ошондо бекер жатпай кирпик чаптоонун окуусуна барайын десем жолдошум макул болду. Колума сертификатты алгандан кийин аяштарыма, курбуларыма, тааныштарыма кирпик чаптай баштадым. Төрөгөндөн кийин деле кардарларым келип турушат. Салон иштетпейм, чакырууларды кабыл албайм. Бул менин хоббим болгондуктан салон иштетүүнү ойлогон эмесмин. Кызым азыр өз алдынча болуп калды. Бир жолу бир кардарымдын кирпигин чаптап бүттүм дегенде кызым кушеткада жаткан кардарымдын кирпигине клей шыбап салган".

Каарманыбыз убактысына карап, буюртмаларды кабыл аларын, ошентсе да жакшы киреше табарын билдирди. Керектүү каражаттарды алгандан кийин өзүнө да акча артарын кошумчалады.

Кымбат Асизова, визажист, lashmaker. Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун жубайы, 3 баланын апасы

"Негизги кесибим киноактриса. Турмушка чыккандан кийин жолдошум актёрлук карьерама чекит кой дегенинен башка иш менен алектенүүгө туура келди. Эмнегедир жан дүйнөм визажист болууну каалады. Кыска убакыттагы окууларга барып, визажист болдум. 2 жылдан бери сулуулук салонун иштетип келем. Келген кардарларды сулуулагандан ырахат алам. Тойдун, кечелердин мезгилинде бир күндө 20 кардарды боёгонго үлгүрөм. Андан көп болуп кетсе жанымда иштеген кыздарга бөлүп берем. Учурда тажрыйба топтоп алып, окутуу борборун ачууну пландап жатам. Балдарымды чоң апасы, эжем карашат", - дейт.

Мындан тышкары Кымбат айым үлпөт көйнөктөрүн ижарага берген салонду иштетип келет.

Наристе Мыкыева, шоумен, актёр Санжар Мыкыевдин жубайы, 1 кыздын апасы

"Турмушка чыкканга чейин сулуулук салонун иштетип, кээде айымдардын тырмагын боёп турчумун. Үй-бүлөлүү болгондон кийин сулуулук салонун иштетип калдым. Учурда заманбап сумкалар коллекциясын чыгарып баштадым. Тактап айтканда, автордук долбоор түзүп, айымдардын эксклюзивдүү сумкаларын даярдап, сатыкка чыгардым. Негизи бул ишти баштаарда алгач өзүм эксперимент жасап көргөм. Өзгөчө сүрөттөрү бар сумка көтөргүм келип атайын жомоктогу үзүндүдөн сүрөт тарттыргам. Сүрөт ысыкта, суукта дагы кетпей аябай жакшы сакталгандыктан, бул ишти андан ары улантайын деп чечтим. Жөнөкөй эле сумкаларды буюртма менен Түркиядан, Кытайдан алдыртып, бул жактан сүрөт түшүрөбүз. Ар бир сумка бир гана экземплярда даярдалат", - дейт ал.

Мындан сырткары "тамашоучу", актёр, тамада Самат Эркинбековдун жубайы Чолпонай сулуулук кызматын көрсөтүп иштесе, алып баруучу Кубат Кубанычбековдун жубайы Айжан туура тамактануучу, арыктатуучу каражаттарды саткан компанияда иштейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asi15
2018-07-12 16:17:30
Баары эле сулуулук салонун иштетет турбайбы. Наристенин сумкалары жакты.
+5
Nevestkaa
2018-07-12 20:14:20
Кокуууй жасалма сулуулуктун заманы болду да калды,баары эле салондо иштесе.Медик ,мугалим,сатуучу,пол жуугуч жок го .
+3
RuslanaG1
2018-07-13 09:00:38
Соо адамы жок го бут эле ишкер
0
Muzik
2018-07-13 11:38:39
Неге эле ушу тамашоучуларды эле жаза бересинер суперчилер,аттуу баштуу адамдар толтура го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан