Бишкекте кикбоксинг боюнча кыргыз-түрк жолдоштук беттеши болуп өттү

11-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин курама командалары ортосунда “Спорт баңгизатына каршы” аттуу жолдоштук беттеш болуп өттү. КРнын Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воиновдун айтымында, беттешти Түркия тарап сунуштаган. “Албетте, биз баш тарта алган жокпуз. Бирок биз жеңиле турган болсок да, Түркиянын өкүлдөрүнөн бул жолу күчтүү спортчуларды алып келүүнү сурандык. Себеби бул бизге мындан ары да активдүү даярданууга түрткү болот”,- дейт ал.  

 

Мелдештин салтанаттуу ачылышына Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов, Эл аралык баңгизатка каршы мушкерлер федерациясынын президенти Кайя Музаффер Иличак, Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов жана башкалар катышты. Мелдешке Кыргызстандан Алексей Федосеев, Кумар Жалиев, Рашит Аманкулов, Ален Офойо, Мирлан Ибраимов жана кикбоксчу айымдар Юлия Борисова, Виктория Бондаревалар катышты. Ал эми Түркия тараптан Менаф Аталай, Абдулла Жем Акин, Метехан Кара, Ясин Памай, Жафер Севиндик жана айымдардан Гөзде Жанболат, Ясмин Демирбашты аттуу спортчулар келишти.  

 

Биринчи беттеш айымдар арасында болуп, Ю.Борисова түркиялык Я.Демирбашты эч оордугу жок эле жеңип алды. Ал эми В.Бондарева аракет кылганы менен, түрк кикбоксчу айымы Г.Жанболаттан жеңилип калды. Мырзалар арасындагы беттеште кыргызстандык М.Ибраимов  түркиялык Ж.Севиндикти жеңди. Мындан соң “Кара кыргыз” атка конгон А.Офойо 2-раундда түркиялык мушкер Я.Памайды нокаут менен утуп алды. Ал эми К.Жалиев менен М.Каранын беттеши кызуу жүрүп, жеңиш кыргыз мушкерине жылмайды.  

 

Кыргыз спортчусу Р.Аманкулов менен түркиялык Абдулла Жем Акиндин таймашы да өзгөчө кызыгуу жаратты. Себеби алгачкы эки раундда кыргызстандык Р.Аманкулов каршылашына үстөмдүк кылып жатты эле, бирок  акыркы чечүүчү 3-раундда мекендешибиз жеңилүү ызасын тартып калды. Кийинки беттеш башынан ак калпагын түшүрбөгөн кыргызстандык мушкер А.Федосеев менен түркиялык мушкер М.Аталайдын ортосунда болуп, жеңишти Федосеев багынтты. Ошентип, 2 өлкө ортосунда кикбоксинг боюнча өткөн достук мелдеши Кыргызстандын пайдасына 5:2 эсебинде аяктады. 

Кыргыз мушкерлери Түркиялыктарды жеңишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuurba
2013-06-12 16:50:07
Ото кызыктуу болуптур алга кыргызстан!!!
0
PROS
2013-06-12 16:51:26
Алга жигиттер, алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан