Уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү колго түшүрүлдү

Милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 22-февралда маалымдашты.

Маалыматка караганда, 20-февраль күнү Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "тоноочулук" боюнча кылмыш ишин козгоп, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1989-жылы туулган К.М. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаранды тинтүүгө алган учурда жанынан 2 канжар табылган. Бул факт боюнча 241-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан