Тажикстанда милициядан жашырынуу максатында хиджаб кийип алган эки эркек киши кармалды

Тажикстандын Хатлон облусунда хиджаб кийип алган эки эркек киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кармалган эки жаранга адамдарды чет өлкөдөгү согушка мажбурлап алып кетип жүргөнү боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүрүшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандар аялдар сыяктуу хиджаб кийип жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Алар Хатлон облусунун тургундары Акмал Сафаров жана Алишер Нуралиев экени аныкталган. Кармалгандар өздөрүнө козголгон кылмыш ишин моюнуна алып, бири 2015-жылдары тыюу салынган "Салафия" уюмунун мүчөсү болгондугун айтса, экинчиси бир канча адамды Сирияга согушууга жөнөткөнүн моюнуна алган. Кармалган жарандар милициядан жашырынуу максатында аялдардын көйнөгүн кийип алышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zamka79
2018-02-23 08:40:50
Мына ачык эле аты жону ону тусун корсотушкон кошуна туугандар
Бизде болгондо Т М.Ж М.деп коюшмак
+13
ruskarakol
2018-02-23 08:58:03
Zamka79,бизде эмес бироо эле ал Super kg
+16
Nazar76
2018-02-23 13:13:29
ruskarakol,Туура айтасың
+2
Batma08
2018-02-23 12:18:42
Жарашып калгангоо
0
Nevestkaa
2018-02-23 14:38:44
Жеки Чанды туурашкан го.
+3
Aigerim4545
2018-02-23 19:08:23
Динди булгаган бузукулар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан