Чүй облусунун Кемин районундагы отуруш бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 21-февраль күнү аймактык ооруканага бычактан жаракат алган 46 жаштагы С.А. аттуу адам түшкөн. Иликтөө иштеринде маалым болгондой, жаракат алган адам ошол күнү таанышы менен алкоголдук ичимдик ичип отуруп уруша кетишкен.
Бөтөлкөлөштөрдүн ортосунда жаңжал ырбап, бири экинчисин бычак менен моюнга жана курсакка сайып жиберген. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Ж.К. атту адам кармалган.
Учурда кармалган жаран Кемин райондук убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.