Өзбекстандык 10 жаштагы өспүрүм казакстандык 10 жаштагы Абай Тажибайды кармашууга чакырды. Анын видеокайрылуусу интернет тармагына тараган. Анда өзүн Хакимжан деп тааныштырган өспүрүм 10 жашта экендигин, салмагы 34 килограммды түзгөндүгүн айтат. Ошондой эле ал тай боксу боюнча эки жолку өлкө чемпиону экенин белгилеген.
Мурдараак эле Абай Тажибай Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун уулдарын кармаш талаасына чакырганы интернетке чыгып, ага Рамзан Кадыровдун балдары жооп берген.