Бүгүн, 23-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер орун алат.
Анда кышкы спорттун 5 түрү боюнча медалдар ойнотулмакчы:
Бүгүн кыз-келиндер арасындагы муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште медалдар ойнотулат. Бул күнү 24 муз үстүндөгү бийчи эркин программасын аткарат. Азыркы тапта кыска программанын негизинде лидерликти 82.92 упай менен орусиялык Алина Загитова сактап келе жатса, 2-орунда 81.61 упай менен дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева жайгашкан.
Айта кетсек, орусиялык спортчулар кыска программасын аткарып дүйнө рекордун жаңылашкан.
Медалдык жарыш
Учурда медалдык жарышта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 13 алтын, 12 күмүш жана 10 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (13 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты. Анын капчыгында 9 алтын, 7 күмүш жана 8 коло медаль бар.