Бүгүн, 23-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын 14-мелдеш күнү өтүүдө.
14 күндүн жыйынтыгында медалдык жарышта Норвегия курама командасы лидерликти сактап келүүдө, анын артынан Германия курама командасы келе жатса, Канада курама командасы 3-орунда жайгашууда.
Норвегия курама командасы бул Олимпиада оюндарына жалпы 109 спортчуну алып келген. Алардын 35 спортчусу азыркы тапта 13 алтын, 12 күмүш жана 10 коло медалдарды жеңип командасын алдыга чыгарды.
Эң көп медалдарды норвегиялыктар лыжа менен жарышуу мелдешинде жеңип алышты. Алар бул спорт түрүндө 6 алтын медаль, 4 күмүш медаль жана 3 коло медаль тагынышты. Трамплинден секирүү мелдешинде 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, коньки менен чуркоо боюнча мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль, тоо лыжа спортунда 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль, биатлондо 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль. Ошондой эле норвегиялык спортчулар фристайл боюнча 1 алтын медаль, лыжа менен кош таймаш жарышуу мелдешинде 1 күмүш жана кёрлинг боюнча мелдеште 1 коло медаль жеңип алышты.
2-орунда жайгашкан Германия курама командасы Түштүк Кореяга 155 спортчуну алып барган. Алар мелдештин 14 күнүнүн жыйынтыгында 13 алтын, 7 күмүш жана 5 коло жеңип алышты.
Германиялыктар биатлон жана чана спорту боюнча мелдеште көбүрөөк айырмаланды, анда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль тагынышты. Лыжа менен кош таймаш жарышуу мелдешинде 3 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышты. Ошондой эле Германия курама командасынын спортчулары бобслей боюнча мелдешинде 2 алтын, трамплинден секирүү мелдешинде 1 алтын жана 3 күмүш медаль, муз үстүндө бийлөө мелдешинде 1 алтын жана скелетон боюнча жарышта 1 күмүш медаль жеңип алышты.
3-орунда жайгашкан Канада курама командасы Пйоңчаң шаарына 226 спортчу алып келген. Алар бүгүнкү күнгө чейин 9 алтын 7 күмүш жана 8 коло медаль тагынышты.
Канадалыктар эң көп алтын медалдарды фристайл боюнча мелдеште жеңип алышты, алар бул спорт түрүндө 3 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынганга үлгүрдү. Муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште канадалыктар 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты. Шорт-трек боюнча мелдеште канадалыктар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль, коньки менен жарышуу мелдешинде 1 алтын жана 1 күмүш медаль, бобслей боюнча 1 алтын жана 1 коло, кёрлинг боюнча мелдеште 1 алтын, сноуборд боюнча мелдеште 2 күмүш жана 1 коло медаль, чана спортунда 1 күмүш жана 1 коло, хоккей боюнча мелдеште 1 күмүш медаль тагынышты.