Черногориянын борбор калаасы Подгорицада АКШнын элчилигине кол салуу болуп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 21-февралдан 22-февралга караган түнү болгон. Анда Сербияда туулган 42 жаштагы Далибор Яукович аттуу адам Подгорица шаарында жайгашкан АКШнын элчилигине граната менен кол салган. Жарылуудан элчиликтин кызматкерлерине да имаратына да зыян келген эмес, бирок кылмышкер өзү каза болгон.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда кол салуу фактысы боюнча иликтөө жүрүп, дипломатиялык миссиянын кызматкерлери полиция менен тыгыз байланышта иштеп жатканы айтылат.