Бириккен Араб Эмираттарында 16-24-февраль аралыгында өтүп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз спортчусу Жыргалбек Оросбаев күмүш медалдын ээси болду.
Жыргалбек Оросбаев 107 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Ал алгачкы эки аракетинде 200 килограмм келген штанганы көтөрө албай калды, бирок жыйынтыктоочу аракетинде бул салмакты багынтып, күмүш медаль тагынганга жетишти. Бул салмактык категорияда алтын медалды 220 килограмм көтөргөн монголиялык Энхбаяр Содномлжи багындырса, коло медалды Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Алнакби Абдалла өз эсебине жазды, ал 185 килограмм салмакты көтөрө алды.
Эске салсак, бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 5 спортчу катышкан, Жыргалбек Оросбаевден тышкары Кыргыз спортчу Эсен Калиев дагы күмүш медалга ээ болгон.