Бүгүн, 23-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 түр боюнча медалдар ойнотулууда. Учурда фристайл боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Фристайл түркүмүнө кирген ски-кросс боюнча мелдеште 24 кыз-келин күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы 2 орунду канадалык спортчулар жеңип алды. 1-орунду Келси Серва жеңсе, 2-орунду Бриттани Фелан ээледи. Ал эми 3-орунга швейцариялык Фанни Смит ээ болду.
Учурда медалдык жарышта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 13 алтын, 12 күмүш жана 10 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (13 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунга жайгашты. Анын капчыгында 10 алтын, 8 күмүш жана 8 коло медаль бар.