Конор Макгрегор чемпиондук курунан кол жууйт

UFC уюму Конор Макгрегорду жеңил салмактагы чемпиондук курунан ажыратат. Мындай маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган уюмдун президенти Дэйна Уайт билдирген.

Акыркы маалымат жыйында мен Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши убактылуу наам үчүн эмес, чыныгы чемпиондук кур үчүн болот деп айткам. Биз Конордон чемпиондук наамды алып коёрубузду өзү да билет. Ал көп акча тапты, ошондуктан эс алгысы келип жатат окшойт. Бирок биздин жеңил салмактагы дивизион бир орунда турбашы керек.

Фергюсон менен Нурмагомедовдун беттешинде кимиси жеңишке жетсе Конор аны менен августта же сентябрь айында беттешерине ишенгим келет. Эгер Конордун Флойд Мэйвезер менен болгон беттештен тапкан 100 миллион долларын эске алсак, ал келбей да коюшу мүмкүн”, - деген Дэйна Уайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
monok2001
2018-02-23 19:05:04
Конор ушул чемпиондук кур учун канча аракет кылгансын эми кайра озуно кайтарып аларына ишенем брат удачи!!!
-1
Bayjigit83
2018-02-23 20:04:21
monok2001,Конор сизге кандайча "Брат" болот деп ойлоп кеттим!
+4
anash
2018-02-23 20:28:35
monok2001,Таластык окщрйсун е брат дегенине караганда)
-1
bazarkyl
2018-02-23 20:50:24
anash,брат дегендин баары Таластан болобу
+2
Bekboloooot
2018-02-23 20:44:02
monok2001,ал сенин бул сөзүңдү окубайт деле ...
+4
altyn7776
2018-02-23 21:35:57
Окуйбу ,окубайбы жон гой...дердендей берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан