ЖЫЛНААМА, 23-ФЕВРАЛЬ: "Отко чуркаган бала", заманыбыздын залкар акыны Шайлообек Дүйшеев 68 жашка толду

Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты, II жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районунда 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген.

1968-жылы мектепти аяктап, турмуштун кысымы менен жүрүп мектепке пионерлер жетекчиси болуп кызматка орношкон. Андан соң бетончу, жүк көтөргүч да болуп кийинчерээк жергиликтүү гезитте корректор болуп иштеген. Андан көп өтпөй аскерге кетип, Подмосковьенин Наро-Фоминск деген жеринде ракеттик бөлүктө кызмат өтөгөн.
1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде - филология факултетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган. Ошол эле 1980-жылдан тартып Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор болгон. Ал эми 1983-1990-жылдары Кыргыз улуттук филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 1990-1996-жылдары "Ала-Тоо" журналынын бөлүм редактору, "Кыргызстан маданияты" гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеп, 1996-жылдан "Асаба" гезитинде кабарчы, редактордун орун басары, биринчи орун басары, "Агым" гезитинин кызматкери болуп иштеген.
2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган "Отко чуркаган бала" даректүү тасмасы тартылган.
Шайлообек Дүйшеев заманбап кыргыз поэзиясына эбегейсиз салым кошкон акындардын бири. Анын чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат. 1985-жылы "Аптап" аталышындагы биринчи поэзиялык жыйнагы чыккан.
Шайлообек Дүйшеев 1987-жылдан тартып Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү. 1989-1991-жылдары акындын "Кайдыгерлик" жана башка саясий ырлары жүздөгөн нааразылык чаралары, митингдер, саясий ачкачылык жана башка оппозициячыл өнөктүктөр маалында ырчы Сагынбек Момбеков жана башка замандаштары тарабынан аткарылып келген.
Анын коррупцияга каршы ырлары 21-кылымдын алгачкы он жылдыгында мурдагы президенттер Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин режимдерине каршы нааразылык жыйындарда аткарылган.
Шайлообек Дүйшеев 2006-жылы Кыргыз Эл акыны наамын алып, 2010-жылы декабрда III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Ошондой эле 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Ал эми 2016-жылдын башында II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
23-февралдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан