Кыргыз мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Орусияда өткөн эрежесиз уруш боюнча "M-1 Global" аталышындагы мелдеште атаандашын утуп алып, "М-1де" 2-ирет жеңишке жетти.
Кечээ, 22-февралда Москва шаарында "M-1 Challenge 88" мелдеши өтүп, Кыргыз мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, орусиялык Максим Дивнич менен кез келди. 3 раунддун жыйынтыгында калыстар бирдей чечим менен жеңишти Бусурманкул Абдибаит уулуна берди. Муну менен Кыргыз мушкери өзүнүн 10-жеңишине ээ болуп, "M-1 Global" мелдешинде 2-ирет жеңишке жетти.