Токтогул РИИБинин мурдагы башчысы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды

ИИМдин ички иликтөө кызматы Токтогул РИИБинин каржы ишкердүүлүгүн текшерүү учурунда Кара-Көл ШИИБинин башчысы А.А.га карата бир катар укук бузуулар аныкталган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Кара-Көл ШИИБинин башчысы А.А. 2015-2016-жылдары Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин башчысы кызматын ээлеп турган учурунда мыйзамсыз буйрук чыгарып, эсептик түзүмдөр аркылуу өзүнө акчалай сыйлыктарды которуп келген. Андан сырткары күзөт кызматын көрсөтүүнү тартипке салуу боюнча нормативдик актылардын талаптарын бузуу менен Токтогул районунда жайгашкан банктардын эки бөлүмүн кайтаруу боюнча келишим түзгөн. Бирок бул Токтогул РИИБинин милдетине кирген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен А.А. аттуу кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, топтолгон материалдарга юридикалык жактан баа бериш үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан