Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сегиз батирге жасалма документ жасап, сатып жиберген алдамчылардын уюшкан тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн эки жыл ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдүн Токмок шаарында бир нече тургун алардын үйүн белгисиз жарандар жалган документ жасап сатып жибергенин айтып, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул иштерге тиешеси бар делген Нарын облусунун 43 жаштагы Д.З. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 42 жаштагы А.М. аттуу тургуну жана Чүй облусунун 25 жаштагы Б.А деген тургуну колго түшкөн. Кыймылсыз мүлк тармагында махинация жасаган бул топ бири-бири менен тууган экени аныкталган.
Тергөө иштеринде аныкталгандай, алар бирөөлөрдүн батирин узак мөөнөткө ижарага алып, ошол учурда ал үйгө жасалма документ жасатып, андан ары сатып жиберип жүрүшкөн. Алар үйдүн документтерин жана алып-сатуу келишимдерин Мамлекеттик каттоо кызматынан алган маалыматтардын негизинде жеке нотариустарда, күрөөканаларда жана башка жайларда жасашкан. Мындай жол менен алар борбор калаадан үч батирди жана Токмоктон беш батирди сатып жиберишкен. Үй сатып алгандарга жалпы 26 миллион сомдой зыян келтиришкен. Тергөө учурунда ишке аралашкан 100 күбө суралып, факт боюнча бардык далилдер табылган.
Кармалгандарга Кылмыш жана Жаза кодексинин 350-беренесинин бир нече пункту "Документтерди жасалмалоо", 30-беренесинин 4-бөлүгү “Кылмышка шериктеш болуу” жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.