Таласта дарыгерлер Бишкектен хирург барганга чейин кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калган адамга агасы бычак сайган

Таласта дарыгерлер Бишкектен хирург барганга чейин кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калган адамга аталаш агасы бычак сайган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 23-февралда Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"21-февралда саат 21:00дөр чамасында Бакай-Ата ооруканасына бычактан жаракат алган адам түшкөнү тууралуу милицияга маалымат келген. Анын аты-жөнү такталып, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 31 жаштагы жараны экени аныкталган. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында ага бычак сайган деп шектелип, 34 жаштагы анын агасынын баласы кармалган. Ага "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлери Бишкектен хирург барганга чейин бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калышканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tmttmt
2018-02-23 18:23:56
бычак сайганга кандай берене берилет
жазасы кандай болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан