Кечээ, 22-февралда Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды. Бул тууралуу өзбек басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 66 жаштагы Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров чоң өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктөрдү чет өлкөлүк банктар аркылуу алып чыгып кеткени боюнча айыпталып, камакка алынган. Аны менен кошо прокуратуранын мурдагы эки кызматкери да кармалган.
Рашид Кадыров Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жылдан ашык башкарып, 2015-жылы жумуш ордунан алынган.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 20-августунда президент Шавкат Мирзийоев прокуратура кызматкерлерин "эң чоң уурулар" деп катуу сынга алган.