Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Орусиянын хоккей боюнча курамасы Чехияны 3:0 эсебинде жеңип, мелдештин финалына чыкты.
Орусиянын хоккейчилери Олимпиада оюндарында соңку ирет 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында финалга чыгышкан. Анда алтын байгеге болгон беттеште Чехия менен кез келип, жеңилип калышкан.
Финалда Орусия Канада, Германия курамаларынын жеңүүчүсү менен кез келет. Финалдык оюн 25-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 10:10до орун алат.