Таласта жаран аталаш инисин эмне себептен бычактап салгандыгы айтылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаран аталаш инисин экөө чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурганда бычактаган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган райондун Миң-Булак айылынын 34 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну өзүнүн аталаш инисине бычак сайган учурда мас абалында болгон.

"21-февраль күнү туугандар спирт ичимдигин ичип отурушуп, жаңжалдаша кетишкен. Ортосундагы уруш ырбап отуруп агасы инисинин төшүнө бычак сайып жиберген. Учурда кылмышка шектүүгө "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Таласта туугандар бычакташып, дарыгерлер жабыркаган адамдын кан тамырын Бишкектен хирург келгенге чейин 7 саат кармап турушуп, өмүрүн сактап калгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Second
2018-02-23 21:33:34
Эх арак элдин тубуно жетмей болдун го
+6
adilbars
2018-02-23 23:29:16
Мындайлар соо кезинде деле жасайт бул ишти. Арак себеп болбошу деле мумкун. Мастын бир акылы соо деген кеп бар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан