Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт имараттын чатырынан чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылды. Өрт тууралуу маалымат бүгүн, 23-февралда саат 21:27де түшкөн. Биринчи өрт өчүрүү бөлүмү саат 21:28де чыккан, кошумча 3 бөлүм тартылган. Мындан тышкары, куткаруучу топ, ӨКМнын Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун кыймылдуу көчмө пункту кырсык болгон жерге чыгып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, учурда өрт толугу менен курчоого алынган. Жабыркагандар барбы же жокпу такталууда.