Бүгүн, 24-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер орун алат.
Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулмакчы:
Бүгүн эркектер арасындагы хоккей боюнча мелдештин коло медалынын ээси белгилүү болот. Анда коло байге үчүн жарым финалдык баскычта орусиялык спортчуларга жеңилген Чехия курама командасы жана германиялык хоккейчилерге жеңилген Канада курама командасы кез келет.
Ал эми хоккей боюнча мелдештин алтын медалынын ээси эртең, 25-февралда белгилүү болот. Анда Орусия курамасы Германия курама командасы менен беттешмекчи.
Азыркы тапта медалдык жарышта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 13 алтын, 14 күмүш жана 10 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (13 алтын, 7 күмүш жана 6 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты. Анын капчыгында 11 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль бар.