Түркиянын Анкара шаарында кыргыз күрөшү боюнча экинчи Ачык биринчилик өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучу Данияр Онобасов билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеште 8 салмак ченинде (55, 60, 65, 70, 75 ,80, 85 килограммга чейинки жана 95 килограммдан жогору салмак чендери) медалдар ойнотулмакчы.
"Азыркы тапта 200дөн ашуун спортчу катышууга билдирүү жиберишкен. Бул мелдеште Иран, Ирак, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркия жана Кыргыз өлкөлөрүнүн балбандары катышат. Ал эми мелдештин негизги максаты - чет жердеги Кыргыз жарандарын ынтымакка чакыруу болуп саналат. Бул мелдеш менен Анкарадагы мекендештерибиздин башын бириктирип, ынтымакка чакырабыз", - дейт Онобасов.