Мындан 8 жыл мурун, 2010-жылдын 24-февралында кайталангыс обондордун автору, аткаруучу Жолдошбек Мамажанов 58 жашында дүйнө салган. Анын ырлары 1970-1980-жылдардын хит ырларына айланган.
“Сүрөтүңө”, “Жазым келчи”, "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" жана башка ырларын кийинки муун кайрадан жаңылап, эл алдына алып чыгышууда. Обончунун өзү арабызда жок болгону менен, ырлары түбөлүккө жашай берет.
Жолдошбек Мамажанов 1952-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулган.
24-февралга карата жылнаама.