Франциялык белгилүү сүрөтчү Эдгар Деганын эмгегине таандык "Хористы" деп аталган сүрөт табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган сүрөт 2009-жылы уурдалган. Арадан 9 жыл өткөн соң уурдалган сүрөт Франциядагы унаа токтотуучу жайлардын бириндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустан табылды. Аны бажы кызматкерлери унаалардын багажын тинтүү учурунда табышты. Бирок "картина мага таандык" деп автобустагылардын эч кимиси моюнуна алган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Сүрөтчү, скульптор Эдгар Дега Парижде 1834-жылы туулуп, 1917-жылы каза болгон. Анын "Хористы" деп аталган сүрөтү 1877-жылы тартылган. Картинанын көлөмү 32-27 сантиметрди түзгөн, сүрөт 30 миллион еврого бааланган.