Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү гашиш менен кармалды

22-февраль күнү Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 3 килограмм 700 грамм салмактагы гашиш менен кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Бизге гашиш сатуу менен алектенет деген адам жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аны издөө иштеринин негизинде Октябрь РИИБинин кызматкерлери "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп ИИМдин каттоосунда турган 1986-жылы туулган жаранды кармашты. Анын унаасын текшерүү учурунда 3 литрлик банканын ичинен баңгизаттын жыты бар жашыл зат алынган. Текшерүүдөн кийин 3 килограмм 700 грамм салмактагы гашиш экени аныкталган. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан