Бүгүн, 24-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер өтүүдө. Учурда лыжа менен жарышуу спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
50 чакырым аралыктагы лыжа менен жарышуу мелдешинде жалпы 71 спортчу күч сынашты. 2 сааттан ашуун өткөн жарыштын жыйынтыгында финляндиялык лыжачы Ийво Нисканен 2 саат 8 мүнөт 22,1 секундда марага жетип, алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 21 жаштагы орусиялык спортчу Александр Большунов жайгашты, ал Нисканенден 18.7 секундга артта калды. 3-орунду орусиялык Андрей Ларьков жеңди, ал марага 2 саат 10 мүнөт 59.6 секундда келди.
Муну менен финляндиялык Ийво Нисканен курама командасы үчүн 1-алтын медалды алып келип курама командасын 18-орунга көтөрдү (1 алтын, 4 коло медаль). Большуновдун медалы курамасы үчүн 6-күмүш болсо, Ларьковдун медалы 9-болду. Эл аралык олимпиада комитетинин желегинин алдында катышып жаткан Орусия курама командасы 1 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль менен 15-орунда жайгашты.
Ал эми медалдык жарыштын лидерлери Норвегия, Германия жана Канада курама командалары бойдон калууда.