Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин алтынчы курсунун студенти, Индиянын жараны Сураб Тирави каза болду. Ал катуу ооруп Ош облустук ооруканасына алынып келгени, бирок операция жасалганына карабай каза болгону маалымдалды.
Маалыматка караганда, Ош облустук ооруканасында чет өлкөлүк студентке тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал ооруп каза болгону айтылды. Азырынча дарыгерлер анын кандай дарт менен ооруганын аныктай элек.
Айта кетсек, буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон. Анын жүрөгү ооруганы айтылган болчу.