Түркиянын Анталия аймагында аскер кызматкерлерин алып бара жаткан автобус жол кырсыгына учурап, 23 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 22:30дар чамасында болгон. Анда Түркиянын Аланья шаарындагы болгон футболдук беттеште коопсуздукту камсыздаган аскер кызматкерлери түшкөн автобус кайра Анталияга кайтып келе жаткан. Айдоочу автобусту башкара албай калып жол кырсыгына кабылышкан. Натыйжада автобуста бара жаткан 22 аскер кызматкери жана айдоочу өзү да жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.