Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп 3 Кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23-февралдан 24-февралга караган түнү 3 Кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарында Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн 24 жаштагы кызды алдап унаасына салышып белгисиз багытта алып кетишкен. Аны унаанын ичинде зордуктоого аракет кылып, бирок ойлору ишке ашкан эмес. Кийин кызды кайра алып келишип, анын уюлдук телефонун жана 500 рубль акчасын тартып алып кетип калышкан.
Ошондой эле маалыматта жабыркаган кыз полиция кызматкерлерине кайрылып, аталган Кыргыз жарандары изделип жатканы айтылат.