2. Германия - 31 медаль (14 алтын, 10 күмүш, 7 коло)
3. Канада - 29 медаль, (11 алтын , 8 күмүш, 10 коло)
4. АКШ - 23 медаль (9 алтын, 8 күмүш, 6 коло )
5. Нидерланд өлкөсү - 20 (8 алтын, 6 күмүш, 6 коло).
Расмий эмес жыйынтыктар боюнча Кышкы Олимпиада оюндарында Норвегия эң көп медаль топтой алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Бүгүн, 25-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын мелдештери аяктады. Расмий эмес алдын ала жыйынтыктар боюнча, жалпы командалык жыйынтыкта Норвегиянын курама командасы жалпысынан 39 медаль жеңип, сап башына жазыла алды. Алардын капчыгында 14 алтын, 14 күмүш, 11 коло медаль бар.
Ал эми Орусия курама командасы 13-орунга ээ болгон, кураманын эсебинде жалпы 17 медаль бар, алардын арасында 2 алтын, 6 күмүш, 9 коло медаль бар.
Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында орун алган XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында эң көп медаль топтогон өлкөлөрдүн тизмеси:
1. Норвегия - 39 медаль (14 алтын, 14 күмүш, 11 коло)