Орусияда алгачкы жолу көк бөрү оюну өтүп жатат

Орусияда алгачкы жолу көк бөрү оюну өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына мекендешибиз "Мурас-Наследие" коомдук уюмунун төрагасы Надырбек Сооронбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, көк бөрү оюну учурда Москва облусундагы "Раменск" ат майданында өтүп жатат.

Уюштуруучулардын бири Нурбек Курбаналиевдин айтымында, бул оюнду уюштуруу иштерине дээрлик жарым жылдан ашык убакыт кеткен.

"Бул оюнду уюштуруу демилгесин Москвада эмгектенген бардык мекендештерибиз колдоп, бүгүн алгачкы жолу Кыргыздын улуттук оюну болгон көк бөрү өткөнү жатат", - дейт Курбаналиев.

Ошондой эле бул оюнду өткөрүү үчүн Кыргыз жергесинен атайын 17 ат алып барылганын жана күз мезгилине чейин оюндарды байма-бай өткөрүп, мыкты оюнчуларды тандап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышуу ниеттери бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
balykchy2012
2018-02-25 18:04:52
Баракелде жигиттер Кыргызстан алга.!!!
+14
ekaterinburg
2018-02-25 18:05:48
Азаматтар!Окелерге корсотуп,такыр баш нацисттерди ушинтип улак кылып ойнойбуз жинге тийишсе деп койгула.
+11
Bolotbek1991
2018-02-25 18:16:47
Алга кыргыз элим кок боруну оркундото берели
+11
aibars
2018-02-25 18:27:49
Карышкыр журоктор кыргыз эли ким экенин бир далилдеп койгула.
+9
Jelezo
2018-02-25 18:39:14
Красноярский крайда ай сайын улак
чабылып турат 2015 жылдан бери крайдын спорт оюндар тизмесине да киргизилген Москвалык Кыргыздар үч жылдан кийин баштаптыр
+5
Krai
2018-02-25 22:15:32
Jelezo,туура айтасын красноярск шаарында ар жекшемби кундору улак болуп турганына 3 жылдын жузу болду
+5
langar
2018-02-25 23:15:50
Jelezo,тура айтасын красноярскийде дайм еле болотго
+5
Firdaus-Muslim
2018-02-25 19:39:02
Болсун болсун, жакшы кабар.
Кыргыз элим алга.
+8
sanchos1
2018-02-25 21:40:26
Нурбек брат красавчик!!!
+4
Fasad88
2018-02-25 21:58:22
Кочмондор оюнунда россиянын атынан чынабы булар
+4
serepchi
2018-02-25 22:43:12
Кандай болгон күндө да орустардын борборунда башташыптыр, ийгилик журтташтар
+8
Mederbek0811
2018-02-26 01:23:58
Баракелде жигиттер!
+3
tynchtykbek84
2018-02-26 04:24:00
Эң жакшы эр азаматтар бар болгула ар дайым кудай колдосун.
+2
Nibiru.
2018-02-26 05:31:44
Кайсыл кундору болот экен? Число,датасын да жазып койсонор болмок экен.
+2
PROS
2018-02-26 11:59:38
Орусияда биринчи жолу эмес, Москвада биринчи жолу десеңер жарашмак!!! Красноярский край, Хакасияда болуп эле турат, ал турсун жылкы байлап кымыз кылгандар бар!!!
+2
Akyl78.1501
2018-02-26 19:30:25
Эмки кок бору /улак/ туугандар 21-мартта болот. Москва областында дагы эле ошо жерде "Раменск" - ат майданында болот. Келип коруп кетиниздер.
Адрес Московская область ипподром "Раменский"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан