Түштүк Кореяда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи орун алды

Бүгүн, 25-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи орун алды.

Ал 9-25-февраль аралыгында өтүп, катышуучуларынын саны боюнча рекорд койду. Ага 92 мамлекеттен 2925 спортчу барган. Бул оюндарга биринчи жолу Сингапур, Малайзия, Эквадор, Нигерия, Эритреи жана Косоводон спортчулары катышты.

Бул Кышкы Олимпиада ​оюндарында жалпысынан 7 спорттун түрү боюнча 102 медалдар топтому ойнотулган.
Расмий эмес алдын ала жыйынтыктар боюнча жалпы командалык жыйынтыкта Норвегиянын курама командасы жалпысынан 39 медаль жеңип, сап башына жазыла алды.

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында орун алган XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында эң көп медаль топтогон өлкөлөрдүн тизмеси:

1. Норвегия - 39 медаль (14 алтын, 14 күмүш, 11 коло)

2. Германия - 31 медаль (14 алтын, 10 күмүш, 7 коло)

3. Канада - 29 медаль, (11 алтын , 8 күмүш, 10 коло)

4. АКШ - 23 медаль (9 алтын, 8 күмүш, 6 коло )

5. Нидерланд өлкөсү - 20 (8 алтын, 6 күмүш, 6 коло).
​Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы Пекинде өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Олимпиадалык тууну Пекиндин мэри Чэнь Цзининге тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.97
2018-02-26 09:16:31
Сочиге жеткен жок окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан